USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Ош-Сары-Таш-Эркештам» унаа жолу селден кийин ачылды

14:30, 23 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу ачык

«Ош-Сары-Таш-Эркештам» унаа жолунун 131-чакырымында селден кийин тазалоо иштери жүргүзүлдү. Натыйжада жол кыймылы бир тараптуу режимде ачылды. Учурда жолду калыбына келтирүү жана кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

21-июнь күнү саат 23:00дөр чамасында аталган унаа жолдун тилкесинде эки жолу сел жүрүп, унаа кыймылын толугу менен жаап салган. Окуя болгон жерге кызматкерлер жана атайын техникалар ыкчам жетип, тазалоо иштерин жүргүзүшкөн.

Өз убагында көрүлгөн чаралардын аркасында жол кыймылы бир тараптуу режимде калыбына келтирилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18