USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

ТИМде «Е дипломат» деген мекеме түзүлүп, анда 40 адам иштейт

10:12, 20 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров «Тышкы иштер министрлигине караштуу «Е Дипломат» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мекеме тышкы миграция чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу, уруксат берүү чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу жана визалык жана миграциялык маселелерге комплекстүү мамилени камсыздоо максатында түзүлүүдө.

Жарлыкта мекемени түзүү, анын ичинде кызматкерлердин маянасы Тышкы иштер министрлигинин атайын эсебинин эсебинен ишке ашырыла турганы айтылат.

Министрлер кабинетине бир айлык мөөнөттө мамлекеттик мекеме жана анын штаттык саны жөнүндө жобону бекитүү, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин санын 40 бирдикке көбөйтүү тапшырылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18