USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоев үй камагына чыгарылды

17:00, 19 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кенжебек Бокоев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Талас облустук сотунун басма сөз катчысы Нурдин Байжигитов билдирди.

Анын айтымында, бир күн мурун Талас шаардык соту РИИБдин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Кенжебек Бокоевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн.

Бир жума мурун ушул эле сот мурдагы эл өкүлүн 9-июлга чейин камакта калтырган.

Эске салсак, Кенжебек Бокоев коррупцияга шектелип кармалган. Бирок милиция кылмыш ишин козгоого так эмнеге негиз болгонун билдирген жок.

Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңештин 5-6-чакырылыштарынын депутаты, «Республика-Ата Журт» партиясынан шайланган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18