USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ат-Башыда «Кыргыз шырдагы» салттуу кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтөт

09:00, 19 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Нарын облусунун Ат-Башы районунда «Кыргыз шырдагы» элдик кол өнөрчүлүктүн көргөзмө-жарманкеси, ошондой эле «Кыргыз даамы» улуттук тамак-аштарынын сынагы өтөт. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, фестивалдар 28-29-июнь күндөрү Сары-Тал жайлоосунда өтөт. Мындан тышкары кыргыз күрөшү боюнча эл аралык «Хан Кошой» турнири да пландалууда.

Иш-чаранын негизги максаты — кыргыз маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, туризмди колдоо жана жаштарды улуттук каада-салттын духунда тарбиялоо болуп саналат.

Тургундар жана туристтер көчмөн маданиятынын атмосферасына сүңгүп, кыргыз элинин руханий байлыгын сезе алышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18