USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

CAFA турнири. Кыргызстандын футбол боюнча курамасы (U-20) экинчи орунду ээледи

09:00, 18 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын жаштар курамасы Борбордук Азия футбол ассоциациясынын чемпионатынын финалында Иран курамасы менен беттешти. Турнир Гиссар шаарында (Тажикстан) өттү. Бул тууралуу CAFA социалдык тармактарда билдирди.

Беттеш 2:0 эсебинде ирандыктардын пайдасына аяктады.

Белгилей кетсек, Кыргызстан курамасы «А» тайпасында Ооганстандын командасын утуп (3:0) жана Тажикстан менен тең ойноп (1:1) 1-орунду ээлеген.

Иран В тайпасында Түркмөнстанды (1:0) утуп, Өзбекстан менен тең чыгуу менен (0:0) мыкты болду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18