USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жайкы сезон. «Кыргыз темир жолу» Балыкчыга кошумча сапарларды баштады

10:12, 17 июня 2025, Бишкек - 24.kg

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы «Бишкек — Балыкчы — Бишкек» багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин кошумча каттамдарын ачуу чечимин кабыл алды.

Маалыматка ылайык, мурда аталган поезд жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттап келген болсо, эми 19-июндан 7-июлга чейин дүйшөмбү, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт. Ал эми 7-июлдан 31-августка чейин поезд күн сайын жүрөт.

Бул багытта жалпы 15 вагон каттамга тартылат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18