USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ысык-Көлдө үч кабаттуу аэропорт комплекси курулуп жатат

15:24, 16 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл районунун Тамчы айылында «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жаңы аэробикет курулуп жатат. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, бул долбоор аймактын чыныгы архитектуралык жасалгасына айланып, өлкөнүн туризм, транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө карай маанилүү кадам болмокчу.

Пландаштырылып жаткан 3 кабаттуу имарат уникалдуу жана креативдүү дизайны менен өзгөчөлөнөт. Тактап айканда, аэробекеттин өзү толкун формасында жасалып, бул Ысык-Көлдү символдоштурат.

Келечектеги терминал жөн гана транспорттук түйүн эмес, функционалдуулукту, ыңгайлуулукту айкалыштырып, кенен залдар, панорамалык терезелер, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн алдыңкы технологиялары менен камсыздалат. Мунун баары жүргүнчүлөр үчүн жайлуулукту жаратат. Мындан тышкары, аэробекетте заманбап коопсуздук системалары орнотулуп, майыптыгы бар адамдар үчүн дагы шарттар түзүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18