USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда аба ырайы +41 градуска жетиши мүмкүн

15:13, 16 июня 2025, Бишкек - 24.kg

17-19-июнда ысык аба-ырайы күтүлүп, абанын жогорку температурасы акырындык менен жогорулашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 39...41°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 36...38°ка чейин жогорулашы күтүлөт.

«Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда организмди суусуздандыруудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат», — деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18