USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жакынкы Чыгышта абал.Түркмөнстан кыргызстандыктар үчүн транзиттик жол камсыздады

11:21, 16 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Түркмөнстан Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Ирандан келген чет элдиктерге гуманитардык жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Түркмөнстан чет элдик дипломаттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, ошондой эле учурда Иранда жүргөн башка жарандардын чыгуусу үчүн өз аймагын камсыздоо боюнча токтоосуз чараларды көрүп жатканы белгиленген.

16-июнга карата Түркмөнстандын мамлекеттик чек арасынан Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Румыния жана башка өлкөлөрдөн келген 120га жакын адам өткөрмө бекеттер аркылуу өткөн.

Келгендер унаа, тамак-аш, мейманкана жана эң керектүү буюмдар менен камсыз болушту.

«Гуманитардык миссияны ишке ашыруунун алкагында Түркмөнстандын тиешелүү мамлекеттик органдары чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Израил менен Ирандын ортосундагы жаңжал аймагында кырдаал чыңалуу бойдон калууда. Тараптар ракеталарды атууну токтото элек. Эки тараптан тең курмандыктар жана каза болгондор бар.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18