USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

14-июнда күтүлгөн аба ырайы

18:43, 13 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Эртең, 14-июнга караган түнү Ысык-Көл облусун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +28...+33;

Талас жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +28...+33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +15...+20, күндүз +28...+33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +20...+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +20...+25;

Бишкекте ала булут каптап турат, жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17...+19, күндүз +30...+32 градус болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18