USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Мектепке электрондук каттоо эртерээк башталат

15:20, 13 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Кийинки жылы мектепке электрондук каттоо эртерээк башталат. Бул тууралуу Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева билдирди.

Анын айтымында, быйыл балдарды мектепке каттоо учурунда системага катталган ата-энелердин санынын көп болушунан улам системага 1-2 саат күч келген учур катталган.

«Мисалы, бир эле убакта 50 000ге жакын ата-эне балдарды каттоого аракет кылып жатты. Ошондуктан эмдиги жылы мындай болбосун деп мектепке электрондук каттоону быйыл октябрь айында баштоону пландаштырып жатабыз. Чет өлкөлөрдө бала төрөлгөндө эле кайсы бала бакчага, кайсы мектепке бара турганы аныкталат. Бизде да ошондой кылууга мүмкүнчүлүк бар», — деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18