USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ысык-Көлдө 850 конок үйү саркынды сууларды тазалоо системаларын колдонбойт

18:29, 12 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунда 822 конок үйү саркынды сууларды тазалоочу жайларга туташтырылган эмес. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттин «Ысык-Көл көлүнүн экологиясын коргоо боюнча шашылыш чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруунун алкагында Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан эс алуу объектилерине инвентаризациялоо иштери жүргүзүлдү.

Жалпысынан облуста 1198 объект катталган:

165 пансионат;

64 мейманкана;

932 конок үйлөрү;

37 боз үй лагери.

Анын ичинен тазалоочу жайларга 196 объект гана кошулган.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Ысык-Көл облусунун аймагында экологиялык мыйзам бузууларды көзөмөлдөө жана алдын алуу иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө.

Белгиленгендей, тазалоо курулмалары жок болгон конок үйлөр, пансионаттар жана мейманканалар ишмердүүлүгүн улантууга уруксат албайт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18