USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Баткендеги «Агроснабтехсервис» мүлк комплекси мамлекетке кайтарылды

10:20, 12 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Баткен шаарындагы «Агроснабтехсервис» мүлк комплекси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Баткен шаарында жайгашкан 2,26 га аянттагы жер тилкеси менен Баткен «Агроснабтехсервисинин» мүлктүк комплексин жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу фактысы аныкталды.

«Кылмыштардын бирдиктүү реестри» Автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматтарды эсепке алуу журналында катталган материалдардын алкагында жүргүзүлгөн тергөө-оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында «Базар Башы» ЖАКтын жетекчилиги өз аракеттерин мыйзамсыз деп таап, акционерлердин протоколдук чечими менен 2,26 га аянттагы жер тилкеси менен «Агроснабтехсервис» мүлктүк комплексин мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

УКМК жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган социалдык инфраструктура объекттерин жана жер тилкелерин аныктоо боюнча иштерди улантууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18