USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Орусиядан жашы жете элек 5 кыргызстандык мекенине кайтып келишти

17:30, 11 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги менен биргеликте ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек беш баланы мекенине кайтарды.

Кайтып келген балдардын үчөө жакын туугандарынын камкордугуна өткөрүлүп берилди. Калгандары Бишкек шаарындагы адистештирилген балдар мекемесине убактылуу жайгаштырылды.

Жашы жете элек балдар
Учурда министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери балдарды биологиялык үй-бүлөсүнө кайтаруу иштерин жүргүзүүдө.

Эмгек министрлиги жашы жете электердин укуктарын жана коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө маани берет. Бул багытта чет өлкөдөгү балдардын кызыкчылыгын коргоо максатында эл аралык уюмдар, дипломатиялык жана консулдук мекемелер менен активдүү кызматташуулар жүргүзүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18