USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Нелегал-2025». УКМК бир катар чет элдиктерди кармады

15:36, 11 июня 2025, Бишкек - 24.kg

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары —УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин көрсөтмөсүн аткаруу максатында үстүбүздөгү жылдын 11-июнунан тартып Улуттук коопсуздук органдары тарабынан «Нелегал-2025» атайын операциясы баштады

КР Президентинин 2025-жылдын 22-майындагы № 164 Жарлыгы менен укуктук статусун мыйзамдаштыруу боюнча жеңилдетилген мөөнөт каралбаганына карабастан, миграциялык мыйзамдарды бузуу менен өзүнүн укуктук абалын легалдаштыруу боюнча жүргөн мыйзамсыз чет өлкөлүк жарандар аныкталган.

Тартип бузгандар тиешелүү фильтрациялоочу жайга жеткирилип, КР ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети иш берүүчүлөрдү жана чакырган тараптарды мыйзам бузган чет элдиктерди өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө багытталган чараларды көрүүгө чакырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18