USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Түндө Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды

09:05, 11 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Түндө Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө 11-июнда саат 1:56да болгон. Жер титирөөнүн очогу Нарын районунда — Кара-Булак айылынан 10 чакырым түштүк-чыгышты карай, Орто-Сырт айылынан 11 чакырым түштүк-чыгышты карай жана Баетово айылынан 35 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кара-Булак, Орто-Сырт айылдарында 2,5 балл, Казыбек айылында 2 баллга жеткен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18