USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кол алдындагылардан акча талап кылган. Кадамжайда милиция кызматкери кармалды

15:40, 10 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Коопсуздук кызматы кызматкерлеринен дайыма акча талап кылган милиция кызматкерин кармашкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Кармалган Т.К. А. кол алдындагы кызматкерлерден мөөнөтүнөн ашык иштегендиги үчүн, ошондой эле негизги эмгек акысы үчүн түшкөн акча каражаттарынан ай сайын 10 миңден 30 миң сомго чейин системалуу түрдө опузалап алып тургандыгы аныкталган.

Баткен облусу боюнча ИИМ Ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Т.К.А. кезектеги 95 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурда кармалган.

Учурда кармалган жаран УКМКнын Баткен облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18