USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Сосновка жана Кара-Кол постторунда 5 айда 100 миллион сомдон ашык акча чогулду

16:16, 09 июня 2025, Бишкек - 24.kg

2025-жылдын беш айында QR-код колдонуу менен накталай эмес төлөм системасы аркылуу «Сосновка» жана «Кара-Кол» өткөрүү пункттарында 100 миллион сомдон ашык чогултулган.Бул тууралуу КР Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Сосновка» жана «Кара-Кол» өткөрмө бекеттеринде накталай эмес төлөмдөрдөн 100 миллион сомдон ашык акча чогултулду

Транспорт министри Абсаттар Сыргабаев буга чейин калкка кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу, адам факторун жокко чыгаруу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин жетекчилигине элдин ыңгайлуулугу үчүн аталган көзөмөл-өткөрүү пункттарды тез арада накталай эмес төлөмгө өткөрүү тапшырмасын койгон.

Натыйжада үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта айдоочулар үчүн накталай төлөм жүргүзүү токтотулду.

Учурда жарандар заманбап жана ыңгайлуу болгон QR-код аркылуу жеринде орнотулган терминалдар аркылуу, же электрондук капчыктар мобилдик тиркемелер аркылуу төлөм жүргүзүп жатышат.

«Өндүрүштүк инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан иштелип чыккан системанын кеңири колдонулушу менен контролдук пункттардагы кызматкерлердин саны этап-этабы менен оптималдаштырылат.

Мындан тышкары, Сосновка жана Кара-Көл пунктарында транспорт каражаттарынын тыгынын алдын алуу максатында жол тилкелери кеңейтилди. Аталган пунктарда кошумча 2 жол тилкеси курулуп, пайдаланууга берилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18