USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты коррупцияга шектелип кармалды

15:04, 09 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Б.К.С. (Кенжебек Бокоев) укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Бул тууралуу 24.kg агентигине Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кенжебек Бокоев коррупцияга шектелип кармалды

Маалыматка ылайык, экс-депутат бүгүн,9-июнда мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында коррупцияга шектелип кармалган.

Кенжебек Бокоев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Эске салсак, Кенжебек Бокоев V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика Ата Журт» партиясынан шайланган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18