USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Орусиядагы мигранттар Кыргызстанга рекорддук көлөмдө акча которушту

14:48, 09 июня 2025, Бишкек - 24.kg

2025-жылдын январынан апрелине чейин Орусиядан Кыргызстанга мигранттардан рекорддук суммадагы акча которулган. Мындай маалымат Улуттук банктын материалдарында камтылган.

Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, көрсөтүлгөн мөөнөттө эмгек мигранттары Кыргыз Республикасына жалпысынан 1 миллиард 68 миллион доллар жөнөтүшкөн, анын 1 миллиард 710 миң доллары Орусиядан келген.

Эске салсак, өткөн жылдын ушул мезгилинде Россия Федерациясынан 857,2 миллион доллар которулган.

Улуттук банк акча которуу системалары, банктык мобилдик тиркемелер (банктык карталар) жана электрондук капчыктар аркылуу жеке адамдардын операцияларын эсепке алат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18