USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Унаанын» мурдагы жетекчиси Рустам Жокоев үй камагына чыгарылды

13:11, 09 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору («Унаа» мамлекеттик мекемеси) Рустам Жокоев үй камагына чыгарылды. Маалыматты 24.kg басылмасына Бишкек шаардык сотунан тастыкташты.

Маалым болгондой, бул баш коргоо чарасы 9-июлга чейин колдонулуп, иш материалдары Октябрь райондук сотунда каралууда.

Эске салсак, УКМК 2024-жылдын 23-сентябрында Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Рустам Жокоевди жана мекеменин бир нече кызматкерин кармаган. Аларга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18