USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына жаңы ректор дайындалды

11:03, 09 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Айгүл Калчакеева Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору болуп дайындалды. Мындай жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага чейин берген арызына ылайык Алмазбек Акматалиевди бул кызматтан бошотуу тууралуу жарлык чыгарган. Акматалиев 2018-жылдан бери Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору кызматын аркалап келген.

Айгүл Калчакеева экономика илимдеринин кандидаты жана отличниги, КРСУда, Бишкек Финансы-Экономикалык Академиясында жана Борбор Азия Эл аралык университетинде иштеген. Акыркы жылдары Борбор Азиядагы Корея институтунун окуу иштери боюнча проректору болгон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18