USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектеги автобустардын жалпысынан 85де кондиционер бар

12:33, 05 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 1407 автобус болсо, анын 85и гана кондиционер менен жабдылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык комиссиясынын жыйынында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков билдирди.

Ведомствонун өкүлүнүн айтымында, 153, 61, 35 жана 45-маршруттук каттамдардагы автобустар кондиционер менен жабдылган.

«Автобустарда күн ысып жатат деген арыздар түшүп жатат.Ошондуктан транспорттордо капот жана желдеткичтерди күйгүзүү боюнча айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздүк», — деди ал.

Маалым болгондой, узундугу 6 метр болгон кондиционери бар 500гө чейин жаңы автобустарды алуу пландалууда.

Мындан тышкары, чиновник Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти жүргүнчүлөрдү күндөн коргоо үчүн автобустун терезелерин караңгылатууга уруксат бербей турганын кошумчалады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18