USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Айзиректи өлүмү. Блогер Айбек Уланов милиция кызматкерлери тарабынан кармалды

09:06, 05 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Күйөөсүнүн колунан каза болгон Айзирек Эралиеваны кемсинткен блогер Айбек Уланов Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабы менен кол топтоп жаткан демилгелүү топ билдирди.

Блогер Айбек Уланов милиция кызматкерлери тарабынан кармалды

Адвокат Шердор Абдыкапаровго шилтеме берүү менен Айбек Улановго расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козуткан деген айып тагылып жатканы айтылат.

КР Кылмыш-жаза кодексинин бул беренесинде беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Буга чейин адвокат Шердор Абдыкапаров блогер Улановду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча петиция жарыялаган, аны бир канча миңдеген адамдар колдогон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18