USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ош облусунда мыйзамсыз балык уулаган үч кытай жараны кармалды

13:29, 04 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун аймагында мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүүнүн алкагында «Карим-Ата» ЖЧКсынын кароолчулары тарабынан Кытай Эл Республикасынын үч жараны кармалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алар дарыядан балыкты атайын электрондук балык уулоочу шаймандарды колдонуу менен мыйзамсыз түрдө кармап жаткан жеринен кармалган.

Шектүүлөр
Аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча тиешелүү тартипте административдик протокол түзүлүп, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандарды табигый ресурстарды мыйзамсыз пайдаланбоого, айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарын катуу сактоого чакырат. Мыйзам бузган адамдарга карата мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18