Чара көрүү керек. Төрага лицензиясы жок скутер айдагандардын маселесин көтөрдү
Жогорку Кеңештин төрагасы Бишкек шаарында скутер жана мопеддердин кыймылын жөнгө салууга чакырды. Бул тууралуу төрага Нурланбек Тургунбек уулу жыйында ички иштер министри Улан Ниязбеков менен шаардын мэри Айбек Жунушалиевге кайрылды.
Анын айтымында, борбор калаада скутер жана мопеддерди колдонууну жөнгө салууга мезгил жетти.
«Алар Бишкек шаарында өзгөчө кырдаалдарды жаратып жатышат. Булар негизинен 14-15 жаштагы өспүрүмдөр. Мындай транспорттун айдоочулары жол эрежесин одоно бузушат. Алардын айдоочулук күбөлүгү же атайын номуру жок. Айдоочулар бул мотороллер, мопеддерди көрүшпөй, сүзүп алганына нааразы болушууда. Андан кийин борбор калаадагы кырсыктар көбөйүп кеткенине нааразы болуп жатышат. Биз мындай абалдан чыгып, шашылыш чараларды көрүшүбүз керек», — деп кошумчалады парламент төрагасы.
Ал башка мамлекеттердеги маселени чечүү тажрыйбасын мисал катары келтирди.