USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

ЖК депутаттарына каникулга чейин чет элдик иш сапарларга чыгууга тыюу салынды

11:27, 04 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаттарына каникулга чейин чет элдик жана ички иш сапарларга чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу жыйында төрага Нурланбек Тургунбек уулу билдирди.

Ал белгилегендей, сессиянын аягына чейин алты гана отурум калды.

«Алдыда эки ай каникул болот: шайлоочулар менен жолугушуу бир ай, бир ай каникул. Ошондуктан урматтуу депутаттар, өзгөчө фракция лидерлери, депутаттык топтор, комитет төрагалары чет элдик жана ички иш сапарларды токтото тургула, ал тургай чакырган тарап төлөгөн учурда да барбагыла. Эч кимге уруксат берилбейт. Таарынбагыла. Биз абдан маанилүү деп жатабыз», -деди төрага

Эске салсак, парламенттин жыйыны 26-июнда аяктайт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18