USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Оппозициянын талапкери Түштүк Кореянын жаңы президенти болду

10:42, 04 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Түштүк Кореяда төңкөрүш аракетинен кийин жаңы президент шайланды. Бул тууралуу Yonhap агенттиги билдирди.

Түштүк Кореянын жаңы президенти Ли Чжэ Мён

Өлкө башчысы 49 пайыздан ашык добуш алган оппозициялык Демократиялык партиядан талапкер Ли Чжэ Мён болду.

Анын 41 пайызын алган башкы атаандашы, бийликтеги Элдик бийлик партиясынын талапкери Ким Мун Су жеңилгенин мойнуна алып, жеңүүчүнү куттуктады.

Бюллетенде негизги эки талапкерден тышкары дагы үч талапкер болгон, бирок алардын жеңиш үчүн күрөшкө кийлигишүүгө реалдуу мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурда шайлоо мурдагы президент Юн Сук Ёлдун өткөн жылдын декабрь айында өлкөдө аскердик абалды киргизүү аракети ийгиликсиз болуп, анын импичментине жана өлкөдө масштабдуу саясий кризиске алып келгендиктен өткөрүлүүгө туура келген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18