Футзал боюнча Кыргызстандын кубогунун жеңүүчүсү аныкталды
16:21, 03 июня 2025, Бишкек - 24.kg
Бишкектин “Топ Тоголок” клубу футзал боюнча Кыргызстандын Кубогунун жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын футзал боюнча ассоциациясы социалдык тармактарда билдирди.
Финалда «Топ Тоголок» Ош шаарынын «ОшМУ» командасын 7:6 эсебинде жеңип алды.