USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекке 18 электроавтобус келди

08:30, 03 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Кытайдын Anhui Ankai Automobile Company компаниясы менен келишимдин негизинде Бишкекке 18 электробус келди. Бул тууралуу муниципалитет социалдык тармактарда билдирди.

Эске салсак, 31-майда борбор калаага 3 электробус, апрель айында 2 электробус келген. Ошентип Бишкекке жалпысынан 23 электробус келди.

«Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоордун алкагында Бишкекке жалпысынан 120 электробус келет. Мындан тышкары, эки автобазада реконструкциялоо иштери аяктап, электробустарды кабыл алуу үчүн инфраструктураны даярдоо иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18