USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда 63 адвокаттын лицензиясы убактылуу токтотулду

12:42, 02 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Юстиция министрлиги 2025-жылдын 22-майындагы № 61а буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Адвокатура кеңешинин сунушунун негизинде 63 адамдын жактоочулук иш жүргүзүү укугуна лицензиясы токтотулганын билдирди.

Буйрук «Адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык кабыл алынган жана лицензиялар административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте аларды токтото турууга негиз болгон жагдайлар жоюлгандан кийин кайра калыбына келтирилет.

Токтотулган лицензиялар жөнүндө маалымат Юстиция министрлигинин расмий сайтында Лицензиялардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде жайгаштырылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18