Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун кол жазмалар китебинин бет ачары болот
11:54, 02 июня 2025, Бишкек - 24.kg
Улуттук илимдер академиясында жазуучунун бүтпөй калган жана кол жазма чыгармаларынан топтолгон «Жазылбаган саптар жаңырыгы. Ч.Айтматовдун мурасы» аттуу жаңы китебинин бет ачары болот.
Иш-чара 5-июнь күнү саат 14:00дө болот.
УИА кыргыз эл жазуучусу, дүйнөлүк адабияттын көрүнүктүү инсаны Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасы жаңыча өңүттөн ачылып жатканын белгилейт.
