USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте балдардын"Наристе" фольклордук фестивалы башталат

20:21, 30 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Балдарды коргоо күнүнө карата 31-майда Бишкекте V Эл аралык «Наристе» фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышы болот. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Фестивалга 11 мамлекеттен келген 500 бала катышып, 4-июнга чейин уланат.

Фестивалга өлкөнүн жети облусунан Эл аралык жана Бишкек Дельфий оюндарынын жеңүүчүлөрү, Венгрия, Кытай, Монголия, Болгария, Индия, Казакстан, Түркия жана Россия Федерациясынын шаарларынан: Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Тыва Республикасы жана Татарстан Республикасынан келген чыгармачыл топтор катышат.

1-июнда саат 19.00дө Ала-Тоо аянтында фестивалдын катышуучуларынын жана борбор калаанын чыгармачыл топторунун майрамдык концерти болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18