USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Ulaan-Baatar Open −2025»: Асан Жанышов Эл аралык мелдеште алтын медаль утту

18:36, 29 мая 2025, Бишкек - 24.kg

 Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан «Ulaan-Baatar Open» Эл аралык мелдешинде  алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Кыргызстандык спортчу 87 кг чейинки салмак категориясында катышты. Биринчи айлампада монголиялык балбанды 8:0 эсебинде, экинчи айлампада индиялык балбанды 9:0 эсебинде жеңген.

Чечүүчү беттеште түркиялык балбанды жеңип Эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.

Эске салсак, Асан Жанышов Өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону, жаштар арасында Азиянын 2 жолку чемпиону жана жаштар (U-20) арасында Дүйнө чемпиону аталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18