USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Араванда мыйзамсыз менчиктештирилген тиричилик үйү мамлекетке кайтарылды

18:20, 29 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Араван айылындагы аянтты 616 чарчы метр жер тилкеси менен тиричилик үйү мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2011-жылдын 18-майында Мамлекеттик мүлк фонду менен «Юлдуз» муниципалдык ишканасынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-октябрындагы № 421 токтомун бузуу менен (Социалдык инфраструктура объектилери менчиктештирүүгө жатпайт) сатып алуу-сатуу келишими мыйзамсыз түзүлгөндүгү аныкталып, ага ылайык тиричилик үйү жеке колго сатылып кеткен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18