USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ош аэропортуна Алматыдан алгачкы каттам аткарылат

17:50, 28 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүндөн тарта «Эйр Астана» компаниясы Алматы-Ош-Алматы багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ишке киргизет. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каттамдар жумасына 4 жолу — шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Белгиленгендей, бүгүн саат 17.20да «Ош» аэропортуна биринчи каттамдын конуусу күтүлүүдө.

Билеттердин баасы 6300 сомдон башталат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18