Бала бакчанын ордуна мейманкана курулган. Оштун мурдагы мэри кармалды
27-майда ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын мурдагы мэри Баткен облусунун тургуну 1960-жылы туулган жаран кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана коррупциялык аракеттерди жасоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө иштеринин натыйжасында мамлекетке 72 009 000 сом зыян келтирилгени аныкталып, ал толугу менен кайтарылган. Мейманкана жер тилкеси менен бирге мамлекеттин менчигине кайтарылды. Учурда шектүү кармалып, процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен башка тиешеси бар адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилет.