USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Хан-Теңири жаратылыш паркындагы фотокапканга түшкөн ак илбирстин сүрөттөрү чыкты

13:31, 27 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун чыгыш бөлүгүндөгү «Хан-Теңири» жаратылыш паркындагы кароолчулар дагы бир жолу фотокапкандарда сейрек кездешүүчү ак илбирстердин сүрөттөрүн түшүрүүгө үлгүрүштү. Бул тууралуу парктын жетекчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сүрөттөрдүн биринде чоң ак илбирстин артынан балдарынын ээрчип жүргөнүн көрүүгө болот, бул адистер үчүн зарыл жана баалуу байкоо болуп саналат.

«Хан-Теңири» жаратылыш паркы Ала-Тоонун күнгөй жана Тескей тоо кыркаларынын кошулган жеринде, Сары-Жаз суусунун бассейнинде жайгашкан. Мында Кыргызстандын эң бийик чокулары — Жеңиш чокусу (7439 м) жана Хан-Теңгри (6995 м) жайгашкан. Бул жер Кызыл китепке кирген ак илбирстер жашаган маанилүү аймак болуп эсептелет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18