USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жалал-Абаддагы бала бакчада өрт чыкты. 32 бала эвакуацияланды

13:17, 27 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Алдын ала маалымат боюнча саат 11:48де нөөмөт бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын Навои көчөсүндө жайгашкан жеке бала бакчанын ашканасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:49да Жалал-Абад шаарындагы № 20 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 1- жана 2-бөлүмдөрү тартылган. Куткаруучулар бала бакчадан 32 баланы эвакуациялап, газ баллондорун коопсуз жайга алып чыгышкан.

Өрттүн жалпы аянты 120 чарчы метрди түзгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18