USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

08:30, 27 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 27-майда саат 10:00дөн 22:00гө чейин Ахунбаев — Тыналиев — Курчатов — Минжилкиев көчөлөрү чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

Суу объектилерди өрт өчүрүү үчүн зарыл болгон шаймандарга туташтыруу иштерине байланыштуу токтотулмакчы.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекемелерди, калкты алдын ала ичүүчү суу менен камсызданып алууга чакырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18