USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын мурдагы орун басары кармалды

17:25, 26 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Уюшкан топтун курамында алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын мурдагы орун басары А.М.Б. жана анын жакын тууганы Б.А.Б. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган А.М.Б. мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен байланышын пайдаланып, уюшкан топтун курамында Ысык-Көл районунун курорттук-рекреациялык зонасындагы жер участокторун жеке менчикке берүү жөнүндө токтомдорду жана башка документтерди жасалмалап жүргөндүгүн аныктаган. Андан соң аларды өздөрүнө тиешелүү адамдардын атына каттатып, үчүнчү жактарга саткан.

Учурда алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо фактылары боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда. Ушуга байланыштуу, КР УКМК кармалган адамдардын бардыгынан жабыр тарткандарды же кандайдыр бир маалыматка ээ болгондорду Ысык-Көл облусу боюнча УКМКнын нөөмөт кызматына 0 (03922) 5-11-80 байланыш телефону аркылуу кайрылууну суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18