USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Самидин кары Атабаев Ош шаарынын казысы болуп дайындалды

16:44, 26 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Самидин кары Атабаев Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду.

Буга чейин Самидин кары Атабаев Ысык-Көл облусунун казысынын кызматын аркалап келген. 1973-жылы 27-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Комсомол айылында туулган.

Эске сала кетсек, Ош шаарында коопсуздук кызматкерлери жергиликтүү казыяттын жетекчиси Мирланбек Токтомушевди жана дагы үч дин кызматкерин алдамчылык фактысы менен кармашкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору Ош шаардык казыятынын кызматкерлери түштүк борбордо жайгашкан мечит-медреселердин кызматкерлеринен системалуу жана мыйзамсыз түрдө акча чогултуп жүргөнүн билдирген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18