USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектин Шабдан баатыр жана Будённый көчөлөрүнүн кесилиши жабылат

18:15, 20 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында, 21-майдан 27-майга чейин, жолду капиталдык оңдоо жумуштарына байланыштуу Шабдан баатыр жана Будённый көчөлөрүнүн кесилиши жабылат.

Мунун негизинде, оңдоп-түзөө иштери бүткөнчө № 16, 135 жана 21 автобустун жүрүү кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет.

 

«Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранып, алдын ала жолуңузду пландап, мүмкүн болсо жеке унаа ордуна коомдук транспортту пайдаланууга чакырат», — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18