
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз миграция каналдарын аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан активдүү иштердин алкагында Бангладештин Х.М.М. аттуу жараны аныкталып, ал мекендештерине акчалай сыйлык үчүн жасалма документтерди даярдоо жана сатуу боюнча туруктуу канал уюштурган.

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, ошондой эле жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын натыйжасында Бангладеш жарандарынын уруксат берүү мөөнөтү өтүп кеткен 120дан ашык паспорту, ошондой эле жасалма документтердин электрондук көчүрмөлөрү сакталган ноутбук табылган.
УКМК бардык чет өлкөлүктөрдү жана уюмдарды кабыл алынган жаңы миграциялык эрежелердин алкагында тиешелүү уруксат кагаздарын алуу маселелери боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин электрондук порталына гана кайрылууга чакырат.



