USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда 90 «баатыр энеге» 3 миң сомдон жөлөкпул берилет

14:08, 19 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда пенсия алууга укугу жок 90 «баатыр энеге» ай сайын социалдык жөлөкпул берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

«Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамына ылайык министрлик пенсия албаган баатыр энелерге 55 жашка толгондо, ай сайын жөлөкпул бере баштайт. Учурда анын суммасы 3 миң сомду түзөт.

Ал эми пенсия алууга укугу бар баатыр энелер пенсияны Социалдык фонду аркылуу алышат. 1-апрелге карата пенсия алып жаткан «баатыр энелердин» саны 31 миң 764тү түзөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18