USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Куткаруучулар Ак-Буура дарыясына агып кеткен баланын сөөгүн табышты

14:34, 16 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Ош шаарынын Төлөйкөн айылында Ак-Буура дарыясына агып кеткен 13 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, куткаруучулар жансыз денени саат 12:55те таап, ИИМ кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүп беришкен.

2013-жылы туулган бала сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат бир күн мурун, 15-майда түшүп, аны издөө иштери эки күнгө созулган.

ӨКМ экинчи суткада баланы 254 адам: 9 куткаруучу, ИИМдин Ички аскерлеринин 209 кызматкери жана 24 тууганы издеп жатканын билдирди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18