USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Коррупциялык схема уюштурган. Салык кызматынын мурдагы бөлүм башчысы кармалды

16:24, 15 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик салык кызматынын мониторинг жана маалыматтык системаларды камсыздоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, Салык кызматынын мониторинг жана маалыматтык системаларды камсыз кылуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы С.К.А. тарабынан системалуу түрдө пара алуу фактысы аныкталган.

Тактап айтканда, ал Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында иштеген товарларды эсепке алуу пункттары аркылуу тоскоолдуксуз өткөнү үчүн күн карама майын импорттоочулардан акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схема уюштурган.

Алсак, тоскоолдуксуз импортту колдоо үчүн С.К.А. ЖЧКлардын биринин жооптуу адамдарынан 20 миң доллар жана 1 млн сомго жакын акча каражаттарын алган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ал кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда коррупциялык схеманын башка катышуучуларына карата андан ары камакка алуу жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18