USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Муфтият имамдарга стипендия төлөй баштады

15:21, 15 мая 2025, Бишкек - 24.kg

2025-жылдын апрель айынан баштап Кыргызстан боюнча бардык аймактардагы мечит имамдарына стипендия бериле баштады. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Бул маанилүү чечим дин кызматкерлерин колдоо, диний тармакты бекемдөө жана коомдогу туура диний түшүнүктү өнүктүрүү максатында ишке ашууда.

"Дин – элдин жүрөгүн, коомдун багытын, жаш муундун рухий дөөлөтүн калыптандырган күчтүү институт. Андыктан, имамдарга берилген бул каражат жөн гана эмгек акы эмес, бул дин кызматкерлеринин эмгегин баалоо", - деп белгилешти муфтияттан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18