USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандыктар майыптыгы боюнча пенсия кечиктирилип жатканын айтышууда

12:27, 14 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда бала кезинен майыптыгы боюнча пенсия кечиктирилип берилүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандар билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын тургунунун айтымында, төлөмдөр мурда ар бир айдын 9-10унда түшчү, бирок бүгүн 14-май, акча жок, себебин эч ким билбейт деп жатат.

Бишкектин Биринчи Май районунун тургуну аларда да ушундай көйгөй бар экенин кошумчалады. «Мурда майрамдарга байланыштуу төлөмдөр эки күнгө гана кечиктирилип келген», — деп белгиледи ал.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги 24.kg агенттигине каржылоодо көйгөй жок экенин, акча 15-майга чейин келиши керектигин билдирди.

Эске салсак, Кыргызстанда 1-майдан 11-майга чейин жумуш эмес күн болгон.

Жаңылыкты 0555312024 номерине WhatsAppка жөнөтүп кабарласаңыз болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18