USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чет өлкөлүктөргө «Санарип көчмөн» макамын берүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди

08:00, 14 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинети чет өлкөлүк жарандарга «Санариптик көчмөн» («Digital nomad») статусун ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтом кабыл алды.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жобонун негизги максаты:

— Кыргыз Республикасында инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

— маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүнө жана башка чектеш чөйрөлөргө чет өлкөлүк адистерди жана инвестицияларды тартуу;

— арыздарды берүүнүн, документтерди текшерүүнүн жана «Санариптик көчмөн» статусун ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуу механизмин түзүү.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:

— чет өлкөлүк жарандарга «Санариптик көчмөн статусун ыйгарууну белгиленген тартипте камсыз кылат;

— «Санариптик көчмөн» статусунун ыйгарылышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзөт;

— зарыл учурда чет өлкөлүк жаран билдирген иштин түрүн баалоо үчүн мамлекеттик органдарды, адистештирилген компанияларды, эксперттик уюмдарды жана компетенттүү адистерди тартат.

Ал эми, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы чет өлкөлүк жарандардын — жеке ишкерлер катары катталган, «Санариптик көчмөн» статусунун ээлеринин санын эсепке алууну жүзөгө ашырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18